Араб коалициясы Йемендеги операцияларын токтотууда

Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы араб коалициясы Йемендеги аскердик операцияларын бүгүндөн тарта токтоторун жарыялады.

1804179
Араб коалициясы Йемендеги операцияларын токтотууда

Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы араб коалициясы Йемендеги аскердик операцияларын бүгүндөн тарта токтоторун жарыялады.

Сауд Арабиянын маалымат агенттиги SPAнын кабарына караганда араб коалициясынын катчысы Турки ал  -  Малики Перс булуңу Кызматташтык Кеңешинин Йемен кеңешмелеринин башталышынан улам  ылайыктуу чөйрөнү түзүү максаты менен ушундай талап билдиргендигин айтты.

Малики Рамазан айында (2-апрель-2-май) позитивдүү чөйрөнү түзүүнү каалашкандарын белгилеп, операциялардын бүгүн эртең менен токтотула турганын белгиледи.

Малики араб коалициясынын кеңири саясий чечимди колдоо үчүн түзүлгөн ок атышпоо келишимине баш ийе турганын жана ок атышпоонун ийгиликтүү болушу үчүн бардык чаралар көрүлөөрүн баса белгиледи.

Перс булуңу Кызматташтык Кеңешинин башкы катчысы Найиф ал  - Хажраф кечээ 29 -  март жана 7 -  апрель күндөрү боло турган Йемен кеңешүүлөрү менен бир убакта ок атышпоого чакырган.



Тектеш кабарлар