Зеленский Россияга карата санкциялардын катаалдаштырылышын суранды

Зеленский бул жумада украиналык жана эл аралык эксперттреден турган  бир группанын анализ жүргүзүү үчүн президенттик кеңседе  ишин баштай тургандыгын айтты.

1803540
Зеленский Россияга карата санкциялардын  катаалдаштырылышын суранды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россияга карата санкциялрдын катаалдаштырылышы жана максатына ылайык иштеши керектигин белгиледи. Зеленский элге кайрылуу сөзүндө: «Санкциялар күчсүз же жетерсиз боло турган болсо Россия башкаруусу азыркы учурда кылгандарынан дагы көбүн аткара ала тургандыгы тууралуу коркунучтуу бир иллюзияга кабылат жана муну миңдеген украиналык жаны менен төлөйт»,- деди.

Зеленский бул жумада украиналык жана эл аралык эксперттреден турган  бир группанын Россияга салынган санкциялардын чындыгында эмнелерге таасир тийгизгендигине анализ жүргүзүү үчүн президенттик кеңседе  ишин баштай тургандыгын айтты.

Росcияга карата каршы пассивдүү санкцияларды кабыл албай тургандарын баса белгилеген Зеленский : «Алдына алуучу санкция пакети ишке ашырылбады жана согуш башталды. Эми болсо Россия химиялык курал колдоно турган болсо,  ага каршы санкциялардын күчөтүлөрү, мисалы орус мунайынын Европага жеткирилишине эмбарго киргизилери айрым чөйрөлөрдө айтылууда. Айта турган сөз таба албаймын. Кандай абалга келдик. Биз Россиянын химиялык курал колдонуусун күтүшүбүз керекпи?

Орус армиясынын мындан мурда кылгандары, ак фосфор бомбаларын колдонуусу, химиялык өндүрүш ишканаларына жана атомдук электр станцияларына сокку уруулары мунай эмбаргосуна ылайыктуу эмеспи? Санкция пакеттеринин таасирдүү жана олуттуу болушу биз үчүн маанилүү. Санкциялар күчсүз боло турган болсо же жетерсиз болсо Россия башкаруусу азыркы учурда кылгандарынан дагы ашыкчасын кыла ала тургандыгы тууралуу коркунучтуу бир  иллюзияга кабылат жана муну миңдеген украиналык жаны менен төлөйт»,- деди.

Владимир Зеленский өзгөчө Ирпин шаарын баскынчылардан бошоткондорун эске салып, шаарды бошотууга катышкандарга ыраазычылык билдирди.

Орус армиясынын Киев аймагынан чыгарууну улантып жатышкандарын белгилеген Зеленский : «Бошотулган аймактар азырынча коопуз эмес, кагылышуулар улантылууда. Аймактын түндүгү орус армиясынын колунда. Алардын бул үчүн ресрустарга жана адам күчүнө ээ. Өзгөчө жоготууларга учураган бөлүктөрдүн согуштук жөндөмдүүлүктөрүн калыбына келтирүүгө аракет кылышууда»,- деди.



Тектеш кабарлар