Камерунда холера эпидемиясы күч алды

Эпидемиядан улам каза болгондордун саны 62ге жеткени маалымдалды.

1803661
Камерунда холера эпидемиясы күч алды

Камерундун Батыш жана Литторал аймагында кайрадан пайда болгон холера эпидемиясында 62 киши каза болуп, ооругандардын саны өсүүдө.

Коомдук саламаттыкты сактоо министри Манауда Малахи, холера эпидемиясында ушул убакка чейин 2 миң 100 учурдун аныкталганын билдирди.

Малахи эпидемиядан улам каза болгондордун саны 62ге жеткенин маалымдады.

Январь айында өлкөнүн Батыш жана Литторал аймактарында биринчи жолу пайда болгон эпидемияда 37 учур катталып, 5 адамдын каза тапканы кабарланган.

«Вибрио» бактериясы себеп болгон тамак-аш жана суу аркылуу жугуучу холера оорусу катуу ич өткөккө жана организмде суунун жоголушуна алып келет. Дарыланбаса оору өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Камерунда таза сууга болгон муктаждыкты канааттандыра албоо, медициналык кийлигишүүнүн дароо жана натыйжалуу камсыз кылынбашы оорунун жана өлүмдүн коркунучун жогорулатууда.



Тектеш кабарлар