Кения эл аралык коомчулуктан жардам сурады

Кенияда кургакчылык менен күрөш уланууда.

1803192
Кения эл аралык коомчулуктан жардам сурады

Кения эл аралык коомчулукка кайрылып, өлкөдөгү кургакчылыктан жапа чеккен 3,1 миллион кишиге жардам берүүнү өтүндү.

Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, Кения Кызыл Крест коому өлкөдө уланып жаткан кургакчылыктан көп сандаган кишинин таасирленгенин билдирди.

Кургакчылыктан 3,1 миллион кениялык жабыр тартканын белгилеген ассоциация эл аралык коомчулукту жардам көрсөтүүгө чакырды.

Ассоциация ошондой эле бейөкмөт уюмдардан жана гуманитардык жардам уюмдарынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн колдоо сурады.

Кургакчылык кооптуу деңгээлде жеткен аймактар: Баринго, Исиоло, Мандера, Марсабит, Самбуру, Туркана, Важир, Килифи, Ламу, Ньери, Батыш Покот, Лайкипия жана Гарисса.

Бириккен Улуттар Уюму кургакчылыктан мал кырыла баштаганын, суу жана тамак-аш маселесинен улам да үй-бүлөлөрдүн өз үйлөрүн таштап кетишкенин жарыялады.



Тектеш кабарлар