Зеленский НАТОго жана Орусияга кайрылуу жасады

Зеленский бөлүшкөн видеокайрылуусунда НАТО жана Орусияга үн катты.

1802452
Зеленский НАТОго жана Орусияга кайрылуу жасады

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОго таандык учак жана танктардын бир пайызын гана каалашкандарын жана бул жардамды 31 күндөн бери күтүп жатышканын айтты.

Зеленский бөлүшкөн видеокайрылуусунда НАТО жана Орусияга үн катты.

Украинаны Орусиядан коргоо үчүн Батыш өлкөлөрүн оор куралдарды жөнөтүүгө чакырганын кайталаган Зеленский: «(Украина жана Европа үчүн) Бул коопсуздукту камсыз кылуунун баасы абдан түшүнүктүү; Украина үчүн учактар, танктар, абадан коргонуу системалары керек»,-деди.

Зеленский НАТОдон колундагы учак жана танктардын бир пайызын гана каалаарын айтып: «Биз дагы көбүн каалабайбыз, бирок 31 күндөн бери күтүп жатабыз. Европа-Атлантикалык коомчулукту ким жетектеп жатат? Коркутуп-үркүтүү аркылуу дагы эле Москвабы? Өнөктөштөр Украинага жардамды көбөйтүүсү керек. Буга муктаждыгы болгон өнөктөштөр, анткени бул Европанын коопсуздугу үчүн керек»,- деп айтты.

Украина делегациясынын Польшадагы америкалык жогорку даражалуу расмий адамдар менен жолугушуусуна баа берген Зеленский: «Сүйлөшүүлөрдө учурда бизге эмне керек болсо, учактарды жана башка коргонуу каражаттарын кантип жеткирүү керектиги талкууланды. Украина орусиялык ракеталарды мылтык же көп санда жөнөтүлгөн пулемет менен ата албайт. Жетиштүү танктар, учактар жана башка брондолгон унаалар жок Мариуполду кайтарып алуу мүмкүн эмес»,-деди.

Зеленский ошондой эле орус аскерлерине кайрылып, алар убактылуу басып алган шаарларда жасаган эч нерсеси ишке ашпай турганын айтты.

Сөз болуп жаткан шаарларда орус аскерлерине карата кордук жана жек көрүү гана болоорун белгилеген Зеленский: «Биздин сыналгыларды өчүрүп, анын ордуна москвалык серверлердин өнөктүгүн күйгүзүп, үгүт баракчаларын жана жакында баасы боюнча эмес, салмагы менен кабыл алына турган рублди таратуу. Булардан майнап чыкпайт»,-деди.

Украинанын президенти Катарда өткөн Доха форумуна да видеоконференция аркылуу катышты.

Зеленский: «Орусия мунай жана жаратылыш газ байлыктарын башка өлкөлөрдү «шантаж» үчүн колдонбошу үчүн энергия өндүрүүчү өлкөлөр өндүрүштү көбөйтүүсү керек»,-деп айтты.

Орус аскерлеринин айыл чарба жерлерине зыян келтиргенин белгилеген Зеленский: «Эч бир өлкөнүн азык-түлүк кризисине каршы камсыздандыруусу жок»,- деди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар