Кытайда кулаган жүргүнчү учагынын 2-кара кутусу да табылды

Учак кулаган Воку шаарынын Тинг районунда түзүлгөн издөө куткаруу командалык борборунан жасалган билдирүүдө, учуу маалыматтарын жаздырганы болжолдонгон экинчи кара куту аппаратынын табылганы билдирилди.

1802544
Кытайда кулаган жүргүнчү учагынын 2-кара кутусу да табылды

21-мартта Кытайдын Гуанси-Куан автономиялуу аймагында кулаган жүргүнчү учагынын экинчи кара кутусу да табылды.

Учак кулаган Воку шаарынын Тинг районунда түзүлгөн издөө куткаруу командалык борборунан жасалган билдирүүдө, учуу маалыматтарын жаздырганы болжолдонгон экинчи кара куту аппаратынын табылганы билдирилди.

Кырсык болгон жерде тынымсыз жааган жамгырдан улам кара куту жердин 1,5 метр тереңдигинен чыгарылганы белгиленди.

Субтропиктик климатка ээ адырлуу жана токойлуу аймак болгон кырсык болгон жерде иликтөөлөр тынымсыз жааган жамгырдан улам кыйын болуп жатат. Бригадалар иштерин улантуу үчүн топтолгон сууну насостор менен сордуруп агызышууда.

Учактын маршруту, ылдамдыгы жана бийиктиги сыяктуу учуу маалыматтарын жаздырары болжолдонгон кара куту, кырсыктын себебин ачыкка чыгарышы мүмкүн.

Куньмин-Гуанкоу багытында  China Eastern Airlines авиакомпаниясынын «5735» рейси менен бараткан учак 21-мартта Гуанси Куанг автономиялуу облусунун Воку шаарына караштуу Тинг округунун айыл аймагындагы токой аймагына кулап түшкөн.

Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгы тарабынан жасалган билдирүүдө учакта 123 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү болуп бардыгы 132 киши болгону билдирилди.

Жетекчилер кечээ жасаган билдирүүсүндө учактагылардын баары каза болгонун тастыктап, каза болгондор үчүн бир мүнөттүк таазим этүү жарыяланды.



Тектеш кабарлар