Владимир Зеленский сүйлөшүүлөр үчүн "адилеттүү шарттар" боюнча эскертти

Зеленский видео билдирүүсүндө  орус армиясын чоң жоготууга учураткан Украина куралдуу күчтөрүнүн Донбасс, Харьков жана Киевде душман кол салууларына каршы күрөшүүнү улантып жаткандыгын айтты.

1802207
Владимир Зеленский сүйлөшүүлөр үчүн "адилеттүү шарттар" боюнча эскертти

Украинанын президенти Владимир Зеленский  Россия менен өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдө өлкөсүнүн эгемендигинин кепилдикке алынышы жана жеринин бүтүндүгү камсыз кылынышы керектигин белгилеп : «Тактап айтканда шарттар адилеттүү болушу керек»,- деди.

Зеленский видео билдирүүсүндө  орус армиясын чоң жоготууга учураткан Украина куралдуу күчтөрүнүн Донбасс, Харьков жана Киевде душман кол салууларына каршы күрөшүүнү улантып жаткандыгын айтып : «Коргоочуларыбыз Россиянын кол салууларынын мизин кайтарып, орус башкаруусун жөнөкөй жана логикалуу ой болгон сүйлөшүүнүн керектүү экендигине багыттап жатат. Убакытты текке кетирүү үчүн эмес,  маанилүү  жыйынтык чыгаруу үчүн сүйлөшүү керек»,- деди.

Владимир Зеленский Россия менен сүйлөшүүнүн «олуттуу» болушу керектигин айтып : «Азыртадан эле 16 миң орус аскери каза болду. Эмне үчүн?  Бул кимге эмне  алып келүүдө. Сүйлөшүү олуттуу болушу керек.  Украинанын эгемендиги кепилдикке алынып, Украинанын жеринин бүтүндүгү түзүлүп, шарттар адилеттүү болушу керек. Антпесе Украина калкы муну эч качан кабыл албайт»,- деди.

 



Тектеш кабарлар