Америка Кошмо Штаттары Түндүк Кореяга санкциялардын көбөйтүлүшүн сунуш кылды
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын 24 - марттагы континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынагандан кийин чогулду.
Америка Кошмо Штаттарынын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас Гринфилд Түндүк Кореянын өзөктүк программасынан улам киргизилген санкциялардын көбөйтүлүшүн талап кылды.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын 24 - марттагы континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынагандан кийин чогулду.
Түндүк Кореянын бул жылы эле 13 баллистикалык ракета сыноосун өткөргөнүн белгилеген Гринфилд Пхеньяндын барган сайын кооптуу болгон провокацияларына каршы эл аралык санкциялардын күчтөндүрүлүшү керектигин айтты.
Түндүк Кореянын атомдук программасынан улам санкцияларды күчөтүүнү сунуштаган Томас - Гринфилд санкцияларды жаңыртуу жана күчтөндүрүү үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешине жаңы мыйзам долбоорун алып келе тургандарын билдирди.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын өзөктүк программасынан улам 2006 - жылдан бери экономикалык жана аскердик санкцияларды салууда.
Тектеш кабарлар
Израилдик министр: "Газа жок кылынсын"
Безалел Смотрих, Согуш Кеңешинин жыйынынан кийин X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.