Түндүк Кореянын ракета сыноолоруна каршылык көрсөтүүлөр

Япониянын тышкы иштер министри Хаяси Йосимаса менен Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Чунг Эуи Йонг телефон аркылуу сүйлөштү.

1801745
Түндүк Кореянын ракета сыноолоруна каршылык көрсөтүүлөр

Япония менен Түштүк Корея Түндүк Кореянын ракета сыноолоруна чечкиндүү жооп кайтара тургандыктарын билдиришти.

Япониянын тышкы иштер министри Хаяси Йосимаса менен Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Чунг Эуи Йонг телефон аркылуу сүйлөштү.

Министр Хаяси жолугушуудан кийинки маалымат жыйында, «ачык жана олуттуу коркунуч» деп мүнөздөшкөн Түндүк Кореянын ракета сыноолорун катуу айыптагандарын белгиледи.

Эки өлкөнүн Түндүктүн сыноолоруна чечкиндүү жооп кайтаруу боюнча макулдашканын белгилеген Хаяси, «Корей жарым аралынын толук ядролук куралдан арылуусу» үчүн Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен кызматташуунун маанисин баса белгилегендерин айтты.

Япониянын коргоо министри Киши Нобуо да Түндүк Кореянын жаңы типтеги «Хвасонг-17» континенттер аралык баллистикалык ракета (ICBM) сыноонун аймактык коопсуздук коркунучун арттырганын билдирди.

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттиги (KCNA)6 өлкөнүн кечээ "Хвасонг-17" деп аталган жаңы типтеги ICBM ракетасын учурганын кабарлаган эле.



Тектеш кабарлар