Түндүк Корея жаңы типтеги континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынаганын билдирди

Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги (KCNA) өлкөнүн кечээ жаңы типтеги ICBM ракетасын учурганын кабарлады.

1801714
Түндүк Корея жаңы типтеги континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынаганын билдирди

Түндүк Корея кечээ сынаган ракетасынын «жаңы типтеги» континенттер аралык баллистикалык ракета (ICBM) экенин жарыялады.

Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги (KCNA) өлкөнүн кечээ жаңы типтеги ICBM ракетасын учурганын билдирди.

Кабарда бул ракетанын «биринчи жолу учурулганы» жана сыноонун Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын көзөмөлүндө ишке ашканы белгиленди.

Түштүк Корея Түндүк Кореянын ракетасы кечээ 6200 километрден ашык бийиктикте 1080 километрге жакын учуп өткөнүн билдирген болчу.

Япония ракетанын Хоккаидадагы Ошима аймагынан 150 чакырым батыш тарапка жана улуттук өзгөчө экономикалык аймакка түшкөнүн ырастаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерреш, континенттер аралык баллистикалык ракета сыноосунун БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын «ачык түрдө бузганын» билдирген.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Чоң жетиликтин лидерлер саммитинин алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөргөн АКШнын президенти Жо Байден менен Япониянын премьер-министри Кишида Фумио бул сыноону айыпташты.



Тектеш кабарлар