Папа Франциск айрым өлкөлөрдү сынга алды

Франциск: "Бир топ мамлекеттердин ИДПнын 2% курал-жарак сатып алууга жумшайм деп убада беришкенин окуп алып уялдым".

1801629
Папа Франциск айрым өлкөлөрдү сынга алды

Католик дүйнөсүнүн руханий лидери жана Ватикандын президенти Рим папасы Франциск кээ бир мамлекеттердин ички дүң продукциясынын (ИДП) 2 пайызын курал-жарак сатып алууга бөлүп жатканы үчүн уялганын билдирди.

Рим папасы Италиянын аялдар ассоциацияларынын борборунун мүчөлөрүн кабыл алууда сүйлөгөн сөзүндө, коргонуу чыгымдарын ички дүң продукциясынын 2 пайызына чейин көбөйтүүгө милдеттенген өлкөлөрдү сынга алды.

Франциск: "Бир топ мамлекеттердин ИДПнын 2% курал-жарак сатып алууга жумшайм деп убада беришкенин окуп алып уялдым",- деди.

Папа Франциск чыныгы жооптун башка курал-жарактар, санкциялар же саясий-аскердик союздар эмес экенин, глобалдашкан дүйнөнү башкаруунун күч көрсөтүүдөн башка жолу бар экенин жана мунун да эл аралык мамилелер экенин билдирди.



Тектеш кабарлар