Лавров: "Батыштыктар Орусияга каршы жалпы гибриддик согуш жарыялашты"

Лавров борбор шаар Москвада өткөрүлгөн Горчаков дипломатиялык фондунун жыйналышында билдирүү жасады.

1801967
Лавров: "Батыштыктар Орусияга каршы жалпы гибриддик согуш жарыялашты"

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш өлкөлөрүнүн Орусияны жок кылууну каалап жаткандарын билдирип: «(Батыштыктар) Орусияга каршы жалпы гибриддик согуш жарыялады»,- деди.

Лавров борбор шаар Москвада өткөрүлгөн Горчаков дипломатиялык фондунун жыйналышында билдирүү жасады.

Европадагы саясатчылардын «Гитлердик Германияда» колдонулган «тоталдык согуш» терминин Орусияга каршы колдонгондорун жүйө кылган Лавров: «(Батыштар) Орусияга каршы жалпы гибриддик согуш жарыялады. Алардын максаттары жашыруун эмес, алар Орусиянын экономикасын жана бүтүндөй Орусияны талкалап жок кылууну каалап жатышканын ачык жарыялашты»,-деп айтты.

Орусиянын изоляцияланышы мүмкүн эмес экенине көңүл бурган Лавров: «Дүйнөнүн бардык бурчунан көптөгөн досторубуз, союздаштарыбыз жана өнөктөштөрүбүз бар»,-деди.

Лавров батыштыктар Бириккен Улуттар Уюмунун резолюцияларына таасир этүү үчүн провокациялык пропаганда жүргүзүп жатканын белгилеп: «Батыштан тышкаркы өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү бир жактуу оюнга кирүүнү каалашпайт. Аларга өтө чоң кысым көрсөтүлүүдө»,-деп билдирди.

Украина башкаруучулугунун өзөктүк куралга ээ болуу каалоосунан тынчсыздангандарын билдирген Лавров: «Пентагон Украинада өзүнүн аскердик-биологиялык программасын ишке ашыруу үчүн көп сандаган лабораторияларды түзгөнүнө да тынчсыздануудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар