Иран АКШ менен келишим түзүүгө даяр

Эмир Абдуллахиан эки күндүк сапар менен барган Ливандын борбор шаары Бейрутта кесиптеши Абдалла Бухабиб менен жолугушту.

1801623
Иран АКШ менен келишим түзүүгө даяр

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен күчтүү атомдук келишимге даяр экендиктерин билдирди.

Эмир Абдуллахиан эки күндүк сапар менен барган Ливандын борбор шаары Бейрутта кесиптеши Абдалла Бухабиб менен жолугушту.

Абдуллахиян жолугушуудан кийин Ливандын мамлекеттик телекөрсөтүүсү аркылуу сүйлөгөн сөзүндө, Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөргө жана анын аймакка чагылуусуна токтолду.

Абдуллахиян Ирандын сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн өлкөлөр менен келишимге жетишүүсүнүн бүткүл аймактын кызыкчылыгына жооп берерин белгиледи.

Өлкөсүнүн ар дайым күчтүү жана жакшы келишимге даяр экенин билдирген Абдуллахиян: "Бирок биз Ирандын кызыл сызыктарынан өтүлүшүн кабыл албайбыз",- деди. 



Тектеш кабарлар