АКШ 100 миң украиналыкты кабыл алат

Америка Кошмо Штаттары согуштан качкан 100 миң украиналыкты кабыл ала турганын жарыялады.

1801548
АКШ 100 миң украиналыкты кабыл алат

Америка Кошмо Штаттары согуштан качкан 100 миң украиналыкты кабыл ала турганын жарыялады.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта АКШнын Украинадагы согуштан жапа чеккендерге жардам берүү үчүн колунан келген жардамын бергени баса белгиленди.

Билдирүүдө АКШнын Россиянын Украинага кол салууларынан жапа чеккендер үчүн 1 миллиард доллардан ашык гуманитардык жардам бере турганы белгиленип : «Украинага жана анын коңшуларына демократия жана адам укуктары боюнча фонддорго 320 миллион доллар бөлөбүз», - деп айтылды.

Украинадан качкан көптөгөн адамдардын биринчи тандоосу Европа өлкөлөрүнө баш калкалоо экендиги билдирилген маалыматта : «Россиянын кол салууларынан качып, АКШнын Качкындарды кабыл алуу программасы сыяктуу мыйзамдуу жолдор менен 100 миң украиналыкты АКШга кабыл алууга даярбыз»,-деп билдирилди.



Тектеш кабарлар