Замбияда 3,8 миллион бала полиомиелитке каршы эмделет

Эмдөө өнөктүгү Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  менен биргеликте жүргүзүлөт.

1801436
Замбияда 3,8 миллион  бала  полиомиелитке каршы эмделет

Түштүк Африка өлкөлөрүнүн бири Замбияда 5 жашка чейинки 3,8 миллион бала полиомиелитке каршы эмделет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду ЮНИСЕФтин  Замбиядагы өкүлү Ноала Скиннер басма сөзгө маалымат берип : «Бул вирусту балдарга зыян тийгизгенге чейин токтотушубуз керек",- деди.

Замбияда 5 жашка чейинки 3 миллион 800 миң баланын эмдөө кампаниясынын кечээ башталганын белгилеген Скиннер эмдөөнүн өлкөнүн 10 аймагында жүргүзүлө турганы тууралуу маалымат берди.

Эмдөө өнөктүгү Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  менен биргеликте жүргүзүлөт.

Биринчи учур 17 - февралда Малавиде 3,5 жаштагы балада байкалган. Африка континентинде 23 миллион бала полиомиелитке каршы эмделет.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  Малавидеги окуяны "Африкада 5 жылдагы биринчи полиомиелит учуру" деп жарыялады.

Сөз болуп жаткан вирустун Пакистандагы вирус менен байланыштуу экени белгилүү болду.

Полиомиелит 5 жашка чейинки балдарда пайда болгон жана ошол эле аталыштагы вирустан келип чыккан оору катары аныкталууда.

Вирус ар бир 200 учурдун биринде жүлүнгө да өтүп,  кайра кайтарылгыс параличке алып келүүдө. Инсульт алгандардын 5-10 пайызы дем алуу булчуңдары жабыркап каза болуп жатат.

 



Тектеш кабарлар