Түштүк Корея Түндүк Кореяга жооп кайтарды

Түндүк Корея континенттер аралык баллистикалык ракета учурган болчу.

1801335
Түштүк Корея Түндүк Кореяга жооп кайтарды

Түндүк Корея континенттер аралык баллистикалык ракета учургандан кийин Түштүк Корея кургактыктан, деңизден жана абадан ракеталарын учурду.

Йонхаптагы кабарга караганда Түштүк Корея армиясы, Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракета сыноосуна бүгүн кургактан, абадан жана деңизден ракеталар менен жооп кайтарылганын жарыялады.

Түштүк Кореянын аскердик жетекчилери, Түндүк Корея учурган ракетанын 6200 километрден ашуун бийиктикте болжол менен 1080 километр учуп өткөнүн кабарлашты.

Бир тараптан Түштүк Кореянын жооптуу кызматкерлери Түндүк Кореянын ракета сыноосун айыптаган билдирүүлөрдү жасашты.

Түштүк Кореянын аскерий жооптуулары 16-мартта да «ийгиликсиз» баллистикалык ракета сынагын өткөргөн Түндүк Кореянын кадамдарына кылдаттык менен көз салып жаткандарын маалымдашкан.



Тектеш кабарлар