Түштүк Корея: "Түндүк Корея деңизге белгисиз ракета учурду"

Япониянын Коргоо министрлиги да Түндүк Кореянын баллистикалык ракета учурган болушу мүмкүн экенин маалымдады.

1801145
Түштүк Корея: "Түндүк Корея деңизге белгисиз ракета учурду"

Түштүк Корея Түндүк Кореянын деңизге белгисиз ракета учурганын билдирди.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда, Түштүк Корея армиясынан жасалган билдирүүдө, учурулган ракетанын баллистикалык же баллистикалык эместиги жана канчалык алыстыкка багытталганынын азырынча белгисиз экендиги айтылды. 

Япониянын Коргоо министрлиги да Түндүк Кореянын баллистикалык ракета учурган болушу мүмкүн экенин маалымдады. 

Түштүк Кореянын аскерий жетекчилери 16-мартта да «ийгиликсиз» баллистикалык ракета сынагын өткөргөн Түндүк Кореянын кадамдарына кылдаттык менен көз салып жаткандарын билдиришти.

Жетекчилер Түндүктүн 20-мартта да ракета аткычтар менен Сарыденизге төрт жолу ок чыгарганын кабарлашкан.



Тектеш кабарлар