Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Путин борбор шаар Москвада Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү.

1801409
Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңеши менен Орусия жана Украинанын ортосундагы сүйлөшүү процессин талкуулады.

Орусиянын президентик сарайы Кремлдин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Путин борбор шаар Москвада Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү.

Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүү процесси талкууланган жыйында, украин тараптын бул процессти акырындатып жатканы айтылды.

Орусияга каршы санкциялар да талкууланган жыйында, өлкөдөгү макроэкономикалык абал тууралуу пикир алмашылды.

Жыйынга катышкан Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинадагы согуш, гуманитардык жардамдар жана көзөмөлгө алынган аймактардагы инфраструктураларды калыбына келтирүү процесстери тууралуу маалымат берди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу. 



Тектеш кабарлар