НАТОнун саммити башталды
Түркиянын президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан саммитке союздаш 30 өлкөнүн лидерлери катышууда.
Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесинде НАТО өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышкан НАТО саммити башталды.
Түркияны президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан саммитке союздаш 30 өлкөнүн лидерлери катышууда.
Жолугушуунун алдында үй-бүлөлүк фотосүрөткө түшкөн лидерлер Орусиянын Украинага кол салуусунан кийинки окуяларга да орун беришти.
НАТОнун Чыгыш Европадагы узак мөөнөттүү позициясы карала турган саммиттин алкагында мамлекет жана өкмөт башчылары кечээ кечтен баштап Брюсселде эки тараптуу жолугушууларды өткөрө баштады. Жолугушуу аяктагандан кийин кээ бир лидерлердин эки тараптуу жолугушууларын НАТОнун баш кеңсесинде улантуусу күтүлүүдө.
Саммиттин алдында француз кесиптеши Эммануэль Макрон менен жолуккан президент Режеп Таййип Эрдогандын да эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү күтүлүүдө.
НАТОнун баш катчысы Столтенберг кечээки билдирүүсүндө: «Эртеңки саммитте дагы көп чечим чыгарабыз. Баш тарттыруучу аракетибизди кайрадан карап чыгуубуз керек",- деп альянстын чыгыш флангындагы күчтөрдүн санын кургактыкта, абада жана деңизде көбөйтө тургандарын, биринчи кадам катары Болгария, Венгрия, Румыния жана Словакияга дагы кошумча аскерлер жибериле турганын айткан.