БУУ азык-түлүк кризиси боюнча эскертти

Баш катчы Антонио Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешине брифинг берди.

1800932
БУУ азык-түлүк кризиси боюнча эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун Жакынкы Чыгыш жана Африкада “азык-түлүк кризисине” алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Баш катчы Антонио Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешине берген брифингинде, Украина жана Орусиядан буудай импорттогон өлкөлөрдүн кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн экенине көңүл бурду.

«Көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Египет, Ливан, Ливия, Сомали, Судан жана Йемен буудайдын кеминде жарымын Украинадан же Орусиядан импорттошот»,- деген Гутерриш: "Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана жер семирткичтердин баасы жогорулап, жеткирүү чынжырлары үзгүлтүккө учурап жатат»,- деп айтты. 

Антонио Гутерриш мындай кырдаалдын көбүнчө жакырларга катуу таасир этип, дүйнө жүзү боюнча "саясий туруксуздуктун жана баш аламандыктын үрөнүн сепкенин" билдирди.

Маанилүү буудай өндүрүүчү болгон Украина дүйнөнүн 5-чоң буудай экспорттоочусу болуп саналат.

Орусия менен Украина болсо дүйнөлүк буудай өндүрүшүнүн 14 пайызын жана дүйнөлүк буудай экспортунун 29 пайызын камсыздайт.

Эки өлкө 24-февралдан бери согушуп келе жатат.



Тектеш кабарлар