Түрк аскери Пакситанда аскердик парадга катышты

Түркия менен Азербайжандын аскердик бөлүктөрү да парад аянтынан өтүштү.

1800692
Түрк аскери Пакситанда аскердик парадга катышты

23 - март Пакистан улуттук күнүнүн негизинде  Пакистандын борбору Исламабадда аскердик парад өттү.

Парадга Пакистандын президенти Ариф Алви, премьер-министр Имран Хан, Пакистан армиясынын күч командирлери, Түркиянын Башкы штабынын төрагасы генерал Яшар Гүлер, Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында Пакистандагы тышкы иштер министрлери жана жарандар катышты.

Парадда танк, радар, абадан коргоо системасы жана баллистикалык ракеталар көргөзмөгө чыгарылды.

Түркия менен Азербайжандын аскердик бөлүктөрү да парад аянтынан өтүштү.

Аземдин акырында Пакистандын ар кайсы провинцияларынан келген бий топтору да өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Пакистандын президенти Ариф Алви бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Пакистан туш болгон кыйынчылыктарга туруштук берүү үчүн улуттук биримдиктин зарылдыгын баса белгиледи жана Исламабаддын аймактагы тынчтык жана коопсуздугундагы  жооптуу ролун баса белгиледи.

Алви Жамму Кашмирдеги  адам укуктарынын бузулгандыгын эске салды жана Индияны буларды токтотуу боюнча эскертти.



Тектеш кабарлар