Россия сентябрдан тарта Европа адам укуктары сотуна мүчө болбойт

Европа Кеңешинин жазуу түрүндө берген билдирүүсүндө  Россиянын сентябрдан тарта Европа адам укуктары сотуна  мүчө болбой турганы белгиленди.

1800826
Россия сентябрдан тарта Европа адам укуктары сотуна мүчө болбойт

Россия Украинага жасаган кол салууларынан улам 16 - сентябрдан тарта Европа адам укуктары  сотуна мүчө болбойт.

Европа Кеңешинин жазуу түрүндө берген билдирүүсүндө  Россиянын сентябрдан тарта Европа адам укуктары сотуна  мүчө болбой турганы белгиленди.

Европа Кеңешинин Министрлер комитети бул чечимди бүгүн жактырганы белгиленген билдирүүдө, Европа адам укуктары сотунун  Россияга каршы кайрлууларды  16-сентябрга чейин иликтей турганы белгиленди.

Билдирүүдө Россия 16-мартка чейин каржылык милдеттерин  аткарышы керектиги айтылган.

Европа Кеңеши  16 - мартта Россиянын Украинага жасаган кол салууларынан улам уюмдан чыгаруу чечимин чыгарган.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага кол сала баштаган.



Тектеш кабарлар