Ооганстанда мектептерди ачуу

Талибандын Убактылуу өкмөтүнүн Билим берүү министрлиги бүгүн өлкөнүн бардык мектептеринде окуу башталганын билдирди.

1800492
Ооганстанда мектептерди ачуу

Ооганстанда бир нече айдан кийин эркек окуучулар үчүн бардык мектептер жана кыздар үчүн башталгыч мектептер ачылды.

Талибандын Убактылуу өкмөтүнүн Билим берүү министрлиги бүгүн өлкөнүн бардык мектептеринде окуу башталганын билдирди.

Кыз окуучулар үчүн азырынча башталгыч мектептердин ачылганы маалымдалып, орто мектептер менен лицейлердин кийинки билдирүүгө чейин күтөрү кабарланды.

Билдирүүдө мектеп формасы шариятка, ооган каада-салтына жана маданиятына ылайык даярдалгандан кийин орто мектеп жана лицейлердин ачыла турганы белгиленди.

Ооганстанда 13-18 жаштагылар окуган орто мектептерде жана жогорку окуу жайларында жалпысынан эркек жана кыз окуучуларга өз-өзүнчө билим берилчү.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан улам билим берүү үзгүлтүккө учурап, талибдер бийликти басып алгандан кийин болсо биринчи кезекте мектептер жабылган.

Ооганстанда 16 миңден ашуун мектепте 9 миллионго жакын окуучу билим алууда.

Окуучулардын 40 пайызына жакыны кыздар.

Бир тараптан эркек жана кыз студенттер өз-өзүнчө класстарда жана убакытта окуй алуусу үчүн мамлекеттик университеттер да февраль айында ачылган болчу.  



Тектеш кабарлар