АКШлык элчи Эрдоган-Герцог жолугушуусуна канааттангандарын билдирди
Томас-Гринфилд БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги брифингинде АКШнын Израилдин коңшулары менен мамилелерин кеңейтип, нормалдаштыруусуна канааттангандыгын билдирди.
1800159
АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд, президент Режеп Таййип Эрдоган менен Израилдин президенти Ицхак Герцогдун жолугушуусун жылуу кабыл алгандарын айтты.
Томас-Гринфилд БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги брифингинде АКШнын Израилдин коңшулары менен мамилелерин кеңейтип, нормалдаштыруусуна канааттангандыгын билдирди.
«Түркиянын президенти Эрдоган менен Израилдин президенти Герцогдун Анкарада жолугушуусун кубаттайбыз»,-деп айткан Томас Гринфилд: «Бул сапарлар жакшы ниеттин ишараты болуп саналат, өз ара ишенимди бекемдей алат жана ошондой эле (региондо) коопсуздукту жана гүлдөп-өнүгүүнү түзө алат»,-деп өз баасын берди.
Израилдин президенти Ицхак Герцог 9-мартта борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген.