НАСА: "Күн системасынын сыртында 5000 планета табылды"
НАСАнын билдирүүсүндө, Экзопланета архивине жакында кошулган 65 планета менен бирге «экзопланеталардын» саны 5 миңден ашканы кабарланды.
1800016
Американын авиация жана космос агенттиги (НАСА) бүгүнкү күнгө чейин Күн системасынын сыртында 5 миңден ашык планета табылганын жарыялады.
НАСАнын билдирүүсүндө Экзопланета архивине жакында кошулган 65 планета менен бирге «экзопланеталардын» саны 5 миңден ашканы кабарланды.
НАСАнын Экзопланета илими институтунун изилдөөчүсү Жесси Кристиансен: "Бул жөн эле сан эмес. Ар бири жаңы дүйнө, жаңы планета. Мен ар бири үчүн толкунданып турам, анткени биз алар жөнүндө эч нерсе билбейбиз",-деди.
Ырасталган экзопланеталардын 30% газ гиганттарынан турат. Бул класска Юпитер же Сатурн сыяктуу газдан турган планеталар кирет.
Күн системасынын тышында, башка жылдыздардын орбиталарындагы планеталар экзопланеталар деп аталат.