Германияда Экинчи Дүйнөлүк согуштан калган бомба

Бомбанын эксперттик топтор тарабынан кечээ кечинде зыянсыздандырылганы кабарланды.

1799748
Германияда Экинчи Дүйнөлүк согуштан калган бомба

Германиянын Кельн шаарында Экинчи Дүйнөлүк согушта (1939-1945) жарылбай калган бомба зыянсыздандырылды.

Кельн шаардык мэриясынын билдирүүсүнө караганда, Клеттенбергдеги курулуш иштеринде табылган жарым тонналык бомбанын жок кылынышы учурунда аймактагы 2 миң 460 киши эвакуацияланды.

Жок кылуу иштери учурунда кээ бир жолдор унаа жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жабылып, темир жол транспорту бир азга токтотулду.

Бомбанын эксперттик топтор тарабынан кечээ кечинде зыянсыздандырылганы кабарланды. 



Тектеш кабарлар