Россия менен Украинанын жоготуулары тууралуу маалымат берилди

Орус армиясынын Укранада Ивано  -  Франковск  аймагында «Кинжал» гиперүндүү ракетасы менен биринчи жолу сокку урганы жарыяланды.

1798370
Россия менен Украинанын жоготуулары тууралуу маалымат берилди

Орус армиясынын Укранада Ивано  -  Франковск  аймагында «Кинжал» гиперүндүү ракетасы менен биринчи жолу сокку урганы жарыяланды.

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков орус аскерлеринин Украинанын Одесса облусундагы Великий Дальник жана Великодолинское конуштарындагы украин армиясынын радиоэлектрондук чалгындоо борборлорун Бастион жээк коргонуу системалары менен жок кылганын билдирди.

Кинжал гиперүндүү ракетасынын биринчи жолу Украинада колдонулганын айткан Конашенков : «18 -  мартта гиперүндүү аэробалисттик ракеталарга ээ «Кинжал» ракеталык системасы Ивано-Франковск облусундагы Делятин конушундагы украиналык аскер бөлүктөрүнүн ракеталарынын жана авиациялык ок - дарыларынын чоң арсеналын жок кылды»,- деди.

Түнкү сааттарда Украинага таандык 69 аскердик элементтин жок кылынгандыгын билдирген Конашенков булардын арасында 4 абадан коргонуу ракета системасы, 4 башкаруу борбору, 1 бутага берүүчү радар станциясы, 3 көп стволдуу ракета аткычтар, 12 ок - дары жана 43 аскердик техникалык унаанын бар экенин айтты.

Орус аба күчтөрүнүн түн ичинде 12 учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнүн билдирген Конашенков : «Орус армиясы 24-февралдан бери Украина армиясынын 196 учкучсуз учуучу аппаратын, 1438 танк жана бронетехниканы, 145 көп стволдуу ракета аткычтарын, 556 гаубицасын жана миномётторун, 1237 атайын аскердик техникасын жок кылды»,- деди.  

Украинанын Башкы штабы да 24 - февралдан 19 - мартка чейин орус армиясынын жоготуулары боюнча маалыматтарды бөлүштү.

Буга ылайык, Украинага кол салган орус армиясынан 14 миң 400 аскер каза болуп, орустарга таандык 95 учак, 115 тик учак, 466 танк, 1470 бронетехника, 213 замбирек, 72 ракета аткыч системасы жана 44 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү ошондой эле 914 унаасын, 3 жеңил ылдамдыктагы кайыгын, 60 күйүүчү май ташуучу унаасын жана 17 учкучсуз учагын жоготту.

Ошол эле учурда Башкы штабдын билдирүүсүндө Россиянын 8 - гвардия армиясынын командири генерал - лейтенант Андрей Мордвичевдин Херсондун Чернобаевка аймагында украин аскерлери тарабынан өлтүрүлгөндүгү билдирилди.

Украин бийликтери буга чейин орусиялык 4 генералдын өлтүрүлгөндүгүн  билдирген.

 

 



Тектеш кабарлар