Япония Гана менен Камерунга вакцина боюнча жардам берет

БУУ колдогон Ковид - 19  Вакциналары үчүн глобалдык колдонуу программасы аркылуу Ганага 310 миң, Камерунга 70 миң доза вакцина берилет.

1798258
Япония Гана менен Камерунга  вакцина боюнча жардам берет

Япония жаңы типтеги коронавирус  Ковид - 19 эпидемиясына каршы күрөштү колдоо үчүн Гана менен Камерунга вакцина жөнөтөт.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Япония эпидемияга каршы күрөштө Африка өлкөлөрүнө колдоо көрсөтүүнү улантууда.

Ушунун негизинде БУУ колдогон Ковид - 19  Вакциналары үчүн глобалдык колдонуу программасы аркылуу Ганага 310 миң, Камерунга 70 миң доза вакцина берилет. Маалыматта 30 миллион калктуу Гана жана 26 миллион калктуу Камерунга вакциналардын аба жолу аркылуу бул жуманын акырында жеткирилери маалымдалды. 

 

 



Тектеш кабарлар