БУУ : "Украинада биологиялык иштер тууралуу айыптоолорду колдой турган далил жок"

БУУнун куралсыздануу боюнча жогорку өкүлү Изуми Накамицу АКШнын Нью – Шаарында өткөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сөз сүйлөп, орус өкүлү Василий Небензиянын «АКШнын Украинадагы  биологиялык иш аракеттери» тууралуу дооматын карап чыкты.

1798226
БУУ : "Украинада биологиялык иштер тууралуу айыптоолорду колдой турган далил жок"

Америка Кошмо Штаттарынын Украинада биологиялык иштерди жүргүзгөндүгүнө байланыштуу ырастоолорду тастыктай турган далилдердин жок экендиги билдирилди.

БУУнун куралсыздануу боюнча жогорку өкүлү Изуми Накамицу АКШнын Нью – Шаарында өткөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сөз сүйлөп, орус өкүлү Василий Небензиянын «АКШнын Украинадагы  биологиялык иш аракеттери» тууралуу дооматын карап чыкты.

Накамицу : «БУУнун бул айыптоолорду тастыктай турган дилили жок жана БУУнун бул темаларда кенен түрдө иликтөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жок»,- деди.

Америка Кошмо Штаттарынын БУУдагы өкүлү Томас Гринфилд БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Россиянын АКШнын Украинада биологиялык курал программасы бар деген сөздөрүн четке кагып, муну «кутум теориясы» деп мүнөздөдү.

Василий Небензиянын айтымында, Россиянын Украинадагы "аскердик операцияларынын" натыйжасында  "АКШнын өлкөдөгү биологиялык иштери тууралуу дагы көп маалыматка ээ болгондорун" айткан.



Тектеш кабарлар