Беларусь эми Европа Кеңешинин Министрлер комитетинин жыйындарына катыша албайт
Министрлер комитетинин Беларус менен карым- катнаштарын токтотуу чечимин чыгарганы белгиленди.
1797800
Европа Кеңешинин Министрлер комитети Беларустун кеңештин жыйындарына жана иш-чараларына катышуу укугун убактылуу токтотту.
Европа Кеңешинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Министрлер комитетинин Орусиянын 24-февралда Украинага карата баштаган кол салууларына активдүү катышкандыгы себептүү Беларус менен карым- катнаштарын токтотуу чечимин чыгарганы белгиленди.
Билдирүүдө комитеттин Беларустун кеңештин жыйындарына жана иш-чараларына катышуу укугун жана бул өлкө менен ар кандай техникалык кызматташтыгын токтоткону кабарланды.
Европа Кеңешинин Министрлер комитети, Украинага жасаган чабуулдарынан улам кечээ Орусияны уюмдан чыгаруу чечимин кабыл алган.