Украина жана Орусия бири-биринин чыгымдарын жарыялады

Украинанын Башкы штабы 24-февралдан 17-мартка чейин орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат  бөлүштү.

1797268
Украина жана Орусия бири-биринин чыгымдарын жарыялады
konashenkov

24-февралдан бери Украинага чабуул жасап жаткан орус армиясы 14 миң аскерин, 86 учагын, 108 тик учагын жана 444 танкын жоготту.

Украинанын Башкы штабы 24-февралдан 17-мартка чейин орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат  бөлүштү.

Буга ылайык Украинага кол салган орус армиясынан 14 миң аскер шейит болуп, орустарга таандык 86 учак, 108 тик учак, 444 танк, 1435 бронетехника, 201 замбирек, 72 ракета атуу системасы жана 43 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү ошондой эле 864 унаа, 3 ылдам жүрүүчү жеңил кайык, 60 күйүүчү май ташуучу унаа жана 11 учкучсуз учуучу аппаратынан ажырады.

Орусиянын Коргоо министрлиги да Украинада акыркы 24 саатта 46 аскердик инфраструктура объектисинин жок кылынганын билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков борбор шаар Москвада жасаган билдирүүсүндө, орус армиясы менен Донбасстагы жикчил делген башкаруулардын Украинада жылышын улантып, отурукташуу жерлерин көзөмөлгө алууcун улантып жатканын айтты.

Орус армиясынын Украинадагы аскердик инфраструктура объектилерине чабуулдарын улантканын билдирген Конашенков, кечээ Украинанын Ровно аймагындагы Сарны шаарындагы ок-дарылардын ракеталар менен аткыланганын айтты.

Конашенков мындай деди: «Украинада акыркы 24 саатта 46 аскердик инфраструктура объектилери жок кылынды. Жалпысынан Украина армиясына тиешелүү 181 учак жана тик учак, 172 учкучсуз учуучу аппарат , 170 көп стволдуу ракета аткычтар, 1379 танк жана ар кандай бронетехника, 133 зениттик ракета системалары, 514 гаубицасы жана миномет, 1168 жеке аскердик техникасы жок кылынды».



Тектеш кабарлар