Россия биринчи тышкы карызын төлөдү

Орус өкмөтү тарабынан жасалган билдирүүдө, мөөнөтү кечээ толгон  доллар облигациялар үчүн 117 миллион доллардын төлөмүнүн төлөнгөндүгү билдирилди.

1797457
Россия биринчи тышкы карызын төлөдү

Россия батыштык өлкөлөрдүн  санкцияларынан кийин биринчи тышка болгон карызын төлөдү.

Орус өкмөтү тарабынан жасалган билдирүүдө, мөөнөтү кечээ толгон  доллар облигациялар үчүн 117 миллион доллар төлөнгөндүгү билдирилди.

Россиянын 300 миллиард долларлык эл аралык резервинин тоңдурулушу менен облигациялардан жаралган тышкы карызтөлөмдөрүнө байланыштуу процесстин натыйжасында дефолтко учуроо мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Америка Кошмо Штаттарынын Казына министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө, америкалык инвесторлордун Россия тарабынан төлөнүүчү карыздан бошотулганы белгиленди. Бирок санкциялардан улам банктардын Россиянын валюталык төлөмдөрүн кабыл алып же кабыл албай тургандыгы белгисиз эле.

Россия акыркы жолу 1918 - жылы дефолтко учураган, анткени Советтер Союзунун администрациясы падышалык доордон калган тышкы карызды тааныган эмес.

Өлкөнүн администрациясы 1998 - жылдагы экономикалык каатчылык учурунда тышкы карызын төлөөнү уланткан  бирок рубль менен карызын төлөй албай калган.

Орус аскерлери 24 -  февралда Украинага кол сала баштаган жана ушул боюнча батыштык өлкөлөр Россияга карата санкцияларды салган.



Тектеш кабарлар