Орусия АКШ менен Украинаны биологиялык лаборатория боюнча маалымат берүүгө чакырды

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова борбор шаар Москвада жумалык маалымат жыйынында билдирди.

1797532
Орусия АКШ менен Украинаны биологиялык лаборатория боюнча маалымат берүүгө чакырды

Орусия Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Украина Украинанын аймагындагы Американын биологиялык лабораториясы тууралуу маалымат бериши керек деп билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова борбор шаар Москвада жумалык маалымат жыйынында Украинада АКШнын биологиялык лабораториясы бар экенин, АКШнын бул темада жетиштүү түшүндүрмө бербегенин айтты.

Захарова: «Биз Киев менен Вашингтондон Украинанын аймагындагы лабораториялардагы аскердик биологиялык активдүүлүк боюнча бардык маалыматтарды берүүнү жана бул көйгөйдү чечүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү суранабыз»,-деди.

АКШнын Орусияны биологиялык куралга байланыштуу долбоорлорду ишке ашыруу менен айыптаганына көңүл бурган Захарова: «Америка Кошмо Штаттары бул жаатта өзүнүн кадамдарынан эл аралык коомчулукту алаксытууга аракет кылууда»,-деп айтты.

Мария Захарова алар механизмдерди Биологиялык курал боюнча конвенциянын алкагында иштете аларын баса белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин АКШдан абадан коргонуу ракеталык системаларын сураганын жана бул багытта билдирүү жасаганын белгилеген Захарова: «Мындай билдирүүлөр өтө кооптуу. Мындай курал-жарактарды жеткирүү да туруксуздукка алып келет жана Украинага тынчтык алып келбейт»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар