Зеленский: "Польшага, Чехияга жана Словенияга ишенебиз"
Зеленский Чехиянын премьер-министри Петр Фиала, Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки жана Словениянын премьер-министри Янез Яншанын Украинанын борбор шаары Киевдеги кечээки жолугушууларына баа берди.
![Зеленский: "Польшага, Чехияга жана Словенияга ишенебиз"](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f60b/3af2/3109/62318b6f2ca42.jpg?time=1718732549)
Украинанын президенти Владимир Зеленский Польша, Чехия жана Словения сыяктуу дос өлкөлөрдүн Украинага көрсөткөн колдоосуна ыраазычылыгын билдирди.
Зеленский Чехиянын премьер-министри Петр Фиала, Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки жана Словениянын премьер-министри Янез Яншанын Украинанын борбор шаары Киевдеги кечээки жолугушууларына баа берди.
Зеленский орус армиясынын Киевге кол салуулары уланып жатканда үч лидердин борборго баруусуна байланыштуу: «Бул чоң эрдик, туура жана чынчыл кадам»,-деди.
Зеленский Польша, Чехия жана Словения сыяктуу дос өлкөлөрдүн Украина тарапта болгонуна ыраазы экенин айтып: «Мындай достор, ушундай мамлекеттер, кошуналар жана өнөктөштөр менен биз чындап жеңишке жетерибизге ишенебиз, ким экендерин айткым келбейт, баарыбыз түшүнөбүз. Эң негизгиси биз бул өлкөлөрдүн лидерлерине толук ишенебиз»,-деп айтты.
Владимир Зеленский өнөктөш жана дос өлкөлөрдүн колдоосу менен Украинанын өз максаттарына сөзсүз жете аларын билдирди.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718732550)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.