Түштүк Африка Ковид - 19га байланыштуу улуттук апаат абалын бир айга узартты

Түштүк Африканын бейөкмөт уюму Афри-Форум өкмөттүн узартуу чечимин айыптагандарын жана  сотко алып барышарн жарыялады.

1796556
Түштүк Африка Ковид  - 19га байланыштуу улуттук апаат абалын бир  айга узартты

Түштүк Африка Республикасы акыркы айларда бейтаптар менен каза болгондордун санында азаюу болгонуна карабастан Ковид  - 19га байланыштуу улуттук апаатты дагы бир айга узартуу чечимин чыгарды.

Түштүк Африка Кооперативдик Башкаруусу жана салттуу иштер министри Нкосазана Дламини Зума Ковид-19га байланыштуу улуттук апааттын мөөнөтү 15 - апрелге чейин узартылганын жарыялады.

Президент Кирилл Рамафоса өткөн айда элге жасаган кайрылуусунда, эпидемия жаңы фазага киргендиктен, улуттук апаат абалын токтотууну пландап жатышканын айткан.

Бир тараптан Түштүк Африканын бейөкмөт уюму Афри-Форум өкмөттүн узартуу чечимин айыптагандарын жана  сотко алып барышарн жарыялады.

Маалыматта өкмөттүн улуттук апаат абалын ушул абалдан улам айрым жоопкерчиликтерден баш тартпоо үчүн узарткандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар