Түндүк Кореянын ракета сыноосу ийгиликсиз болду

Түштүк Кореянын Башкы штабы Түндүк Кореянын Сунан аймагынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:30 чамасында «ийгиликсиз» баллистикалык ракета сыноосун өткөргөнүн жарыялады

1796239
Түндүк Кореянын ракета сыноосу ийгиликсиз болду

Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноолорун "ийгиликсиз" өткөргөнү кабарланууда.

Түштүк Кореянын Башкы штабы Түндүк Кореянын Сунан аймагынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:30 чамасында «ийгиликсиз» баллистикалык ракета сыноосун өткөргөнүн жарыялады.

Түштүк Кореялык бир аскердик жетекчи сыноо тууралуу брифингде ракетанын биринчи этапта бийиктиктеги бутасына жете албагандыгы болжолдолуп жаткандыгын айтты.

Япониянын премьер  - министри Кишида Фумио бул сыноо тууралуу кенен маалымат алуу үчүн тийиштүү мекемелерге тапшырма берди.

Япониянын министрлер кабинетинин баш катчысы Мацуно Хироказу сыноонун ийгиликсиз болгонун ырастоо үчүн аракет кылып жаткандарын белгилеп, Америка Кошмо Штаттары жана Түштүк Корея менен анализ жана мониторинг процесстерин жүргүзүп жатышканын айтты.

АКШнын Индо-Тынч океан командачылыгы (USPACOM) Түндүк Кореяны айыптаган сыноо үчүн туруксуздаштыруучу иш - аракеттерден алыс болууга чакырды.

Түндүк Корея акыркы ракета сыноолорун 27 - февралда жана 5 - мартта өткөргөн.



Тектеш кабарлар