Орусиянын Украинага кол салуулары,балдардын жана журналисттердин өлүмү...Кыйроо...

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө Орусия куралдуу күчтөрүнүн Украинага кол салууларынын натыйжасында 97 баланын каза болгону жана 100дөн ашуун баланын жараланганы белгиленди.

1796242
Орусиянын Украинага кол салуулары,балдардын жана журналисттердин өлүмү...Кыйроо...
kiev.jpg
ukrayna okul saldirisi.jpg

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы Орусиянын 24-февралдагы чабуулдары башталгандан бери Харьков облусунда кеминде 500 жайкын тургун набыт болгонун билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар кызматы аймактагы кол салууларда талкаланган имараттардын урандылары астында калган 189 кишинин топтор тарабынан куткарылганын билдирди.

Украинанын Башкы прокуратурасы Орусия-Украина согушунда орус армиясынын 24-февралдан 15-мартка чейинки кол салууларында 97 баланын каза болгонун билдирди.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө Орусия куралдуу күчтөрүнүн Украинага кол салууларынын натыйжасында 100дөн ашуун баланын жараланганы белгиленди.

Билдирүүдө айрыкча, «Күн сайын кеминде 5 бала бомбалоодон өлүүдө»,деген сөздөр камтылды.

Украинага чабуулун уланткан орус армиясынын Чернигов шаарында нан кезегинде турган карапайым элге ок атканда кеминде 10 киши каза болду.

Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко орус согуштук кемелеринин жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:00 чамасында Одесса жээгине кол салганын жарыялады.

Геращенко Твиттердеги баракчасынан: «Орус баскынчылары Одесса облусунун Тузла кыштагынын жанында Украинанын жээктерине кемелерден ракета жана артиллерия менен аткылай башташты»,-деп билдирди.

Кемелер алыскы аралыктан көп сандагы ок-дарыларды атып жаткандыгы тууралуу маалымат менен бөлүшкөн Антон Геращенко: «Аскерлерди түшүрүү аракети болгон жок»,-деди.

Бир тараптан орустар кол салган Зелений Гай айылындагы мектептин урандыларынын астынан 7 адамдын сөөгү чыгарылып, 3 адам куткарылды.

Николаев мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматынын Фейсбук баракчасында жарыяланган билдирүүдө 13-мартта орусиялыктар аймактын Зелений Гай айылындагы мектепке абадан чабуул жасаганы эскертилди.

Кол салуудан улам мектеп имаратынын чоң зыянга учураганы жана куткаруу топторунун урандыларды чыгаруу иштерин эми гана бүтүрө алганы белгиленди. Билдирүүдө : «Куткаруу топтору урандылардын астындагы 7 кишинин жансыз денесине жетип, 3 кишини куткарды»,-деп айтылды.

Украинанын президенттик аппаратынын кеңешчиси Михаил Подоляк украин армиясынын кээ бир аймактарда орус армиясына каршы чабуул баштаганын жарыялады.

Подоляк Твиттердеги билдирүүсүндө,«Украина армиясы айрым операциялык аймактарда контрчабуулга өттү. Бул тараптардын тенденцияларын түп тамырынан бери өзгөртөт», деген сөздү колдонгон.

Подоляк ошондой эле орус администрациясынын Украина жеринде өз аскерлерин өлүмгө жөнөтө турган шериктештерди табууга аракет кылып жатканын белгиледи.

Орус күчтөрүнүн борбор калаа Киевде болгон кол салуусунда имараттын үстүнө ракета сыныктары түшүп, 2 киши жараланды.

Украинанын Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, сыныктар Киевдин борборундагы 12 кабаттуу үйгө тийген.

Имаратта өрт чыгып, жакын жердеги имарат да кыйроого учураган.

Өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүп, батирдин 37 тургуну эвакуацияланып, анын ичинен экөө жабыркаган.

Бир тараптан америкалык FOX TV телеканалынын оператору борбор калаа Киевге жакын жерде унаасына ок атылганда каза болду.

Ирак, Ооганстан жана Сирияда иштегени айтылган Закржевский февраль айынын башынан бери Украинада иштеп жатканы белгиленди.

Мурунку күнү болгон ошол эле кол салууда FOX News кабар каналынын согуш кабарчысы Бенжамин Холл жараланып, ооруканага жаткырылганы жарыяланган.

Орусиянын Украинада 24-февралдан бери уланып жаткан чабуулдарынын натыйжасында 13-мартта Брент Рено аттуу америкалык журналист каза болгону кабарланган.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар