Орусиядан Байден менен бирге АКШлык 13 жетекчиге санкция
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.
![Орусиядан Байден менен бирге АКШлык 13 жетекчиге санкция](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/91e7/b9ac/6174/6230b015a467f.jpg?time=1718880220)
Орусия АКШнын президенти Жо Байден, мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жана Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс баш болгон 13 америкалык жетекчиге санкция салды.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, АКШнын Орусиянын жогорку даражалуу жетекчилерине АКШга кирүүгө тыюу салуу жана берки бир катар тыюу салууларды камтыган санкцияларына жооп катары 15-марттан тарта АКШлык жогорку даражалуу жетекчилердин санкция тизмесине киргизилгени белгиленди.
Орусияга душман болгон же Орусияга каршы жек көрүүчүлүктүн күчөшүнө салым кошкон АКШнын жогорку даражалуу жетекчилери, аскер кызматкерлери, мыйзам чыгаруучулар, ишкерлер, эксперттер жана медиа өкүлдөрү да киргизилген санкция тизмесинин жакынкы арада жарыялана турганы кабарланды.
Тектеш кабарлар
![Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/8087/bb25/775e/6673ea3f1f3ab.jpg?time=1718880220)
Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда
Путинди борбор шаар Ханойдо Вьетнамдын президенти То Лам мамлекеттик салтанат менен тосуп алды.