НАТОнун коргоо министрлери чогулду

Баш катчы Йенс Столтенберг Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун штаб - квартирасында НАТОнун Коргоо министрлеринин кезексиз жыйынына төрагалык кылууда.

1796513
НАТОнун коргоо министрлери чогулду

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери Россиянын чабуулунан кийин Украинадагы абалды талкуулоо үчүн чогулду.

Баш катчы Йенс Столтенберг Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун штаб - квартирасында НАТОнун Коргоо министрлеринин кезексиз жыйынына төрагалык кылууда.

Жыйынга Түркиянын атынан улуттук коргоо министри Хулуси Акар катышууда.

НАТОнун жыйынына альянска мүчө болбогон Украина, Грузия, Швеция жана Финляндиянын коргоо министрлеринен тышкары Европа Биримдигинин  тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл да чакырылды.

Бүгүнкү жыйын 24 - мартта өтө турган Украина боюнча НАТОнун лидерлеринин саммитине бир жума калганда өткөрүлүшү жактан да маанилүү болууда. 

Жыйындын алдында НАТОнун баш катчысы Столтенберг АКШнын  коргоо министри Ллойд Остин менен бирге  журналисттерге берген билдирүүсүндө Россиянын Украинага кол салышын «ырайымсыз баскынчылык» деп атап, мунун  Европанын коопсуздугу үчүн кесепеттери бар экенин айтты.

бүгүнкү жыйында Россиянын чабуулунда ортого чыккан жыйынтыктар менен бирге бул абалга карата альянстын узун мөөнөттүү каршы турушунда талкуулашарын айткан Столтенберг НАТОнун Украинага карата колдоосунун улантыларын билдирди. 

Кризистин Украинанын чегинен чыкпашынын жоопкерчилиги НАТОго жүктөлгөнүн белгилеген Столтенберг, ушул себептен альянстын чыгышындагы НАТОнун аскер санын арттырышкандарын белгиледи.

АКШнын коргоо министри Остин да НАТО Украинаны колдоодо бирдиктүү экенин жана колдоо улана берерин айтты. Остин НАТОнун "бир союздаш өлкөгө карата жаслаган кол салуу баарына жасалган  кол салуу катары саналарын" күткөн 5 -  беренесине баш ийишерин белгиледи. 

 

 



Тектеш кабарлар