Иранда Ноорузга чейинки майрамдар

Иранда Нооруз майрамынан мурда жылдын акыркы шаршембиснин түнүндө өткөрүлгөн «Шаршемби Сури» майрамдарында каза болгондордун саны 19га жогорулады.

1796494
Иранда Ноорузга чейинки  майрамдар
iran nevruz carsamba suri.jpg
iran nevruz carsamba suri.jpg

Иранда Нооруз майрамынан мурда жылдын акыркы шаршембиснин түнүндө өткөрүлгөн «Шаршемби Сури» майрамдарында каза болгондордун саны 19га жетти. 

Ирандын чукул жардам агенттигинин басма сөз катчысы Муктеба Халиди «Шаршемби Сури» майрамында каза болгондордун саны 13төн 19га, жаракат алгандардын саны 814төн 2798ге жеткенин айтты.

Басма сөз катчысы Халиди майрамдарда : «Жардыргыч заттардан улам 150 адам жаракат алды.  күйүк алды. 880 адам көзүнөн, 171 адам колу-бутунан ажырады»,- деди.

Бул жылы өткөрүлгөн Шаршемби Сури майрамында каза болгондордун жана жаралангандардын саны акыркы 10 жылдын эң жогорку көрсөткүчү болгону белгиленип, каза болгондордун жана жаралангандардын көбүнүн жардыргыч жана күйүүчү материалдарды мыйзамсыз цехтерде даярдоо учурунда болгондугу жарыяланды.

Иранда Ноорузга чейинки жылдын акыркы шаршемби түнүндө өткөрүлгөн «Шаршемби Сури» майрамдарында өзгөчө балдар жана жаштар жагылган оттун үстүнөн аттап фейерверктерди жардырып, от жагышат. Бул майрамдар Иранда жыл сайын көптөгөн адамдардын өлүмүнө же жаралануусуна себеп болот. Өлкөдө өткөн жылы "Шаршемби сури" майрамында 8 киши каза болуп, 900 адам  жарадар болгон.



Тектеш кабарлар