Украинадан коңшу өлкөлөргө өткөн качкындардын саны

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Украинадагы качкындар кризиси боюнча ар түрдүү булактардан алынган маалыматтарды бөлүшүүнү улантууда.

1795948
Украинадан коңшу өлкөлөргө өткөн качкындардын саны

Орусия-Украина согушунан улам коңшу өлкөлөргө өткөн качкындардын саны 3 миллионго жетти.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Украинадагы качкындар кризиси боюнча ар түрдүү булактардан алынган маалыматтарды бөлүшүүнү улантууда.

БУУнун Миграция уюмунун басма сөз катчысы Пол Диллон БУУнун Женева кеңсесинде өткөрүлгөн маалымат жыйында, 24-февралда башталган Орусия-Украина согушунда коңшу өлкөлөргө кеткен качкындардын санынын 3 миллионго жеткенин билдирди.

Диллон алардын 157 миңинин үчүнчү өлкөнүн жарандары экенин кабарлады. 

Польша бийлиги болсо өлкөгө кирген качкындардын санынын 1 миллион 830 миңге жеткенин билдирди.

Ал эми БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) басма сөз катчысы Жеймс Элдер, согуш башталгандан бери көптөгөн балдардын каза тапканын жана жарадар болгонун маалымдады.

"Учурда 1 миллион 400 миңден ашык бала өлкөдөн качты”, - деген Элдер, мунун согуш башталгандан бери Украинада күнүнө 70 миң баланын качкынга айланганын билдиргенин баса белгиледи.

Жеймс Украинадагы качкындар кризисинин ылдамдыгы жана масштабы жагынан Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери болуп көрбөгөнүн айтты. 

Кошуна өлкөлөргө өткөн балдардын үй-бүлөсүнөн ажырап калуу, сексуалдык зомбулук жана адам сатуу коркунучуна дуушар болорун эскертип: "Ушул апааттан кутулуунун бирден-бир жолу бул согушту токтотуу, аны азыр бүтүрүү",- деди. 

Жеймс Элдер жарандарга жана жарандык инфраструктурага кол салууларды токтотууга чакырганын кайталады.

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы Украинадагы кырдаал курчуп кетсе, 4 миллионго чейин жайкын тургундун өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин эскерткен.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул башатаган болчу. 



Тектеш кабарлар