Пентагон Кытайды Орусия боюнча коркутту

24-февралда башталган Украина-Орусия согушу тууралуу журналисттер тобуна баа берген Пентагондун жогорку даражалуу расмий өкүлү Орусиянын операциялары бир топ басаңдаганын айтты.

1795518
Пентагон Кытайды Орусия боюнча коркутту

 

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин жогорку даражалуу расмий өкүлү Кытайдын Орусияга аскердик материалдык колдоо көрсөтүүсү Пекин бийлиги үчүн кесепеттерге алып келерин айтты.

24-февралда башталган Украина-Орусия согушу тууралуу журналисттер тобуна баа берген Пентагондун жогорку даражалуу расмий өкүлү Орусиянын операциялары бир топ басаңдаганын айтты.

Орусиянын Кытайдан аскердик материал сураганы жөнүнрдө айтьымдар эске салынганда расмий өкүл:«Биз бул тууралуу жаңылыктарды көрдүк жана муну өтө кылдаттык менен байкап жатканыбызды айта алам. Биздин бийликтин башка расмий адамдары белгилегендей, эгер Кытай бул согушта Орусияны материалдык жактан колдосо, бул Кытай үчүн кесепеттерге алып келет»,-деди.

Кытайдын Батышты айыптоо менен Орусиянын аракеттерин мурда кыйыр түрдө жактаганын белгилеген аткаминер, аскердик материалдык колдоо боюнча чалгындоо баалоосуна кирбей турганын, бирок бул абал менен катар Кытайдын согушка байланыштуу позициясын жакындан байкашкандарын айтты.

Орусия Украинадагы согуш үчүн Кытайдан аскердик шайман алгысы келет деген дооматтарды четке каккан болчу.

(Орусия Президенттик сарайы) Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да Кытайдан эч кандай жардам сурабастан Украинанын шаарларын толук көзөмөлгө ала тургандарын айткан.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар