Кремль: «Украина менен сүйлөшүүлөр оңдуу жылып жатат»

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат берди.

1795956
Кремль: «Украина менен сүйлөшүүлөр оңдуу жылып жатат»

Орусия Украина менен сүйлөшүүлөр тууралуу бир нерсе айтууга али эрте экенин, бирок сүйлөшүүлөр оңдуу жылып жатканын жарыялады.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго украин тараптын Орусия менен бир же эки жума ичинде же май айынын башына чейин тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн деген билдирүүсү боюнча суроо берилди.

Песков: «Бул алардын (украиндык) божомолу, биз эсепти түзүүдө шашылууну каалабайбыз»,-деди.

Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн оңой өтпөгөнүн жана сүйлөшүүлөрдүн кайда алып бара турганы тууралуу бир нерсе айтуунун али эрте экенин белгилеген Песков:«Бул иш боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы да позитивдүү деп ойлойм», - деп кошумчалады.

Украинанын президенттик аппаратынын кеңешчиси Михаил Подоляк да кечээки техникалык тыныгуудан кийин эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кайра башталганын жарыялады.

Подоляк: «Сүйлөшүүлөр кайрадан башталды, тараптардын ортосунда катаал талаш-тартыштар уланууда», - деди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.

Андан бери эки тараптын делегациялары 4 жолу сүйлөшүү үстөлүнө отурушту.



Тектеш кабарлар