Байер Орусия менен Беларуста ишин токтотту

Bayer AGдын билдирүүсүндө, компаниянын Орусия менен Беларустагы инвестицияларын, жаңы бизнес долбоорлорун жана жарнамалык иш-аракеттерин токтоткону белгиленди.

1795617
Байер Орусия менен Беларуста ишин токтотту

Германиянын дары-дармек жана химиялык компаниясы "Bayer" Орусиянын Украинага жасаган кол салуусунан улам Орусия жана Беларуста «негизги медициналык жана айыл чарба продукцияларын жеткирүүдөн тышкары» бардык иш-аракеттерин токтотконун жарыялады.

Bayer AGдын билдирүүсүндө, компаниянын Орусия менен Беларустагы инвестицияларын, жаңы бизнес долбоорлорун жана жарнамалык иш-аракеттерин токтоткону белгиленди.

Билдирүүдө, дүйнөлүк азык-түлүк чынжырындагы кошумча кысымды жеңилдетүүгө карата быйылкы айыл чарба сезону үчүн Орусиядагы дыйкандарга негизги айыл чарба продукцияларынын берилгени, Москванын Украинага каршы согушун токтотушуна байланыштуу 2023-жыл үчүн Орусия боюнча чечим кабыл алынаары маалымдалды. 

Билдирүүдө ошондой эле Байердин Орусияда же Беларуста жаңы жумуш издебей турганы белгиленди.

Байер Орусияда консолидацияланган сатуунун болжол менен 2 пайызын ишке ашырат. Байердин Орусиядагы сатууларынын негизги бөлүгүн фармацевтика жана рецептсиз сатылган саламаттыкты сактоо өнүмдөрү түзөт.



Тектеш кабарлар