АКШнын Мексикадагы консулдугуна куралдуу кол салуу болду

Мексика өкмөтү, "Эль Хуэво" каймана аттуу Хуан Херардо Тревинонун камакка алынышынан кийин шаарда кагылышуулар чыкканын кабарлады.

1795640
АКШнын Мексикадагы консулдугуна куралдуу кол салуу болду

Мексиканын чек арадагы Нуэво-Ларедо шаарында кылмыштуу топтун лидери камакка алынгандан кийин башталган окуяларда Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) консулдугуна ок атылды.

Мексика өкмөтү, "Эль Хуэво" каймана аттуу Хуан Херардо Тревинонун камакка алынышынан кийин шаарда кагылышуулар чыкканын кабарлады.

Кагылышууда АКШ консулдугуна ок атылгандан кийин консулдуктун имараты убактылуу жабылды.

АКШ консулдугу өз жарандарын коопсуз жерлерде болууга чакырды.

Мексика өкмөтүнүн билдирүүсүндө, Тревиного баңгизат сатуу, арам акчаны адалдоо, киши өлтүрүү, терроризм, опузалоо жана бандалык кылмыштар боюнча айып тагылганы белгиленди.

Билдирүүдө Тревинонун Мексиканын жана АКШнын жараны экени маалымдалды. 



Тектеш кабарлар