Украина: "Орусия менен бүгүн сүйлөшүүлөр өткөрүлөт"

Подоляк социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасады.

1794962
Украина: "Орусия менен бүгүн сүйлөшүүлөр өткөрүлөт"

Украина президентинин аппарат жетекчисинин орун басары Михаил Подоляк, Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулоо үчүн бүгүн жыйын өткөрүлөрүн билдирди.

Подоляк социалдык тармактагы баракчасынан жасаган билдирүүсүндө, сүйлөшүүлөрдүн онлайн режиминде үзгүлтүксүз уланып жатканын айтып: "14-мартта сүйлөшүүлөрдүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр болот", - деди.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусия менен Украинанын ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасынын бүгүнкү күнгө пландалганын билдирген.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу. 

Андан бери эки тараптын делегациялары 3 жолу сүйлөшүү үстөлүнө отурушту.



Тектеш кабарлар