Зеленскийдин жаңы видео кайрылуусу
Украинанын президенти Владимир Зеленский Telegram аккаунтунда жаңы видео кайрылуусун бөлүштү.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнө кол салган орус армиясынын 13 миң жоокери курман болгонун билдирди.
Зеленский Telegram аккаунтунда бөлүшкөн видео кайрылуусунда Украинанын чындыгында 8 жылдан бери өз жерлерин коргоо үчүн күрөшүп жатканын, бирок азыр кеңири масштабдуу согушта экенин белгилеп: «Биз Орусиянын кеңири масштабдуу чабуулунун 18-күнүндө турабыз. Украина боюнча 18 күндүн ичинде 13 миң баскынчы жок кылынды»,-деди.
Орус армиясынын жоготуусу Чеченстан жана Ооганстандагы согуштарда да мынчалык болбогонун белгилеген Зеленский, Орусиянын куралдуу күчтөрүнө таандык 74 учак, 86 тик учак жана 1000ден ашуун бронетехниканын жок кылынганын эске салып: «Украина багынбайт, эл багынбайт. Украина баатырларча күрөшүп жатат»,-деп айтты.
Зеленский азыр Украинанын Мариуполь шаары эң оор абалда экенин белгилеп: «Биз 125 миң адамды эвакуацияладык. Бүгүнкү күндө эң негизгиси Мариуполь. Биз бул шаардан душманды чыгаруу үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Мариуполго буга чейин 100 тонна гуманитардык жардам жөнөттүк жана биздин жарандар аны алышы үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз»,-деди.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.