ЙПГ/ПКК 50гө жакын жашты барымтага алды
Сириядагы уруулар жана уруулар кеңешинин катчысы Мудар эл-Асад ЙПГ/ПКК террористтери кечээ Хасекенин түштүгүндө жаштарды камай баштаганын айтты.
Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК басып алган Сириянын Хасеке облусунун түштүгүндө жайгашкан Шеддади районунда 50гө жакын жашты барымтага алды.
Сириядагы уруулар жана уруулар кеңешинин катчысы Мудар эл-Асад ЙПГ/ПКК террористтери кечээ Хасекенин түштүгүндө жаштарды камай баштаганын айтты.
Эл-Асад ЙПГ/ПККнын Шеддадинин борбору менен Харири, Хамаданийе, Арише, Решиди, Таркийе жана Тел Шайер айылдарында 50гө жакын жашты кармаганын белгиледи.
Кармалган жаштардын араб калкы жыш жайгашкан конуштардан тандалып алынганын белгилеген Асад, ЙПГ/ПККнын кармоолордун себеби катары «жаштардын ДЕАШтын мүчөсү» экенин көрсөткөнүн айтты.
Бул жаштарды каякка алып кеткени белгисиз экенин билдирген Асад: «Кармоолордун бир гана арабдар жашаган конуштардаболушунун максаты араб жаштарын өз өлкөсүнөн чыгып кетүүгө мажбурлоо. Ушундай жол менен демографиялык өзгөрүүлөр оңой болот»,-деп айтты.