АКШнын Эрбилдеги консулдугуна карай ракета атылды

Эрбил губернатору Үмид Хошнав жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маалыматында АКШ консулдугуна карай террордук кол салуу болгонун айтты.

1794452
АКШнын Эрбилдеги консулдугуна карай ракета атылды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Ирактын Эрбил шаарындагы консулдугуна ракеталык кол салуудан бир кишинин жараланганы белгиленди.

Эрбил губернатору Үмид Хошнав жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маалыматында АКШ консулдугуна карай террордук кол салуу болгонун айтты.

Кол салуунун ракеталар менен жасалганын белгилеген Хошнав окуядан кийин шаардагы коопсуздук күчтөрүнүн кооптонгондорун айтты.

АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан жасалган билдирүүдө кол салууда консулдуктун зыян тартпаганы белгиленди.

Окуянын Ирактын Күрт Аймактык Башкаруучулугу (ИКАБ) тарабынан иликтенгени белгиленген билдирүүдө бул «үрөй учурган кол салуу» жана зордук-зомбулук айыпталды.

Бул тууралуу Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казими социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасап: «Ыйык Эрбил шаарына кол салуу жана анын тургундарын коркутуу элибиздин коопсуздугуна кол салуу болуп саналат»,- деди.

 

ИКАБдын премьер-министри Масрур Барзани да Эрбилдеги террордук кол салууну катуу айыптады.

ИКАБдын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө кол салуудан айрым имараттар жана үйлөр зыянга учураганы, бирок адам өмүрүнө зыян келбегени, бир жаран жеңил жаракат алганы айтылган.



Тектеш кабарлар