Россиянын кол салуусунда Украинанын жоготуулары

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Твиттерден Украинанын Мариуполь шаарындагы абал тууралуу маалымат берди.

1794277
Россиянын кол салуусунда Украинанын жоготуулары

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба  орус армиясынын Мариуполь  шаарына карата кол салуурында 12 күндө 1582 жарандын каза болгондугун белгиледи. Кулеба Твиттерден Украинанын Мариуполь шаарындагы абал тууралуу маалымат берди.

Орус аскердик бөлүктөрүнүн Мариуполду курчоого алгандыгын жана бул жердеги жарандарды бомбалагандыгын белгилеген Кулеба : «Азыркы учурда курчоого алынган Мариуполдо  планетадагы эң жаман апаат болуп жатат. 12 күндө 1582 адам каза болду. Каза болгондор массалык мазарларга көмүлдү»,- деди.

Россиянын шаарга карата гуманитардык жардамдарга да бөгөт койгондугун  айткан Кулеба  мунун токтотулушу үчүн учактарга муктаж экендерин билдирди.

Россиянын борбор шаар Киев жакындарындагы Васильковдогу аскердик аэропорт жайгашкан аянтка да кеминде 6 ракета аткандыгы жарыяланды. Кол салуунун натыйжасында аймактагы бир мунай кампасы өрттөнүп, ок  - дары кампасында жарылуу болду.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верешук, Киев жана Суми аймактарында өзгөчө Мариуполь жана Пологи шаарларында жарандардын эвакуацияланышы үчүн 10дон ашуун калктуу конушта гуманитардык жардам коридорлорун ачкандарын жарыялады.

Верешук орус аскерлеринин кечээ гуманитардык жардам коридорлорун тосконуна карабастан, Энергодар, Буча, Гостомель жана Козаровичиден 7144 жаранды эвакуациялоого жетишкендерин белгиледи.

Россиянын Коргоо министрлиги да Украинада жалпы 3 миң 346 аскердик инфраструктура объектисинин жок кылынганын билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Россиянын Куралдуу күчтөрү менен Донбасстагы өзүн жикчил деп атаган администрациялардын Украинада жылышын улантып жатканын, бул жердеги кээ бир калктуу конуштардын көзөмөлгө алынганын билдирди.

Украинада жок кылынган курал-жарактар ​​тууралуу маалымат бөлүшкөн Конашенков : «Операция башталгандан бери Украинанын 3 миң 346 аскердик инфраструктура объектиси жок кылынды. 121 учкучсуз учуучу аппарат, 067 танк жана ар кандай бронетехника, 114 көп стволдуу ракета аткычтар, 412 гаубицалар жана минометтор, 862 атайын аскердик техника жок кылынды», - деди.

Россиянын Коргоо министрлиги ошондой эле Украинада согуш башталгандан бери кагылыш болгон аймактардан болжол менен 2 миллион 600 миң кишинин эвакуация үчүн орус мекемелерине кайрылганын жана 223 миңден ашуун адамдын, анын ичинде 50 миңи балдар экенин жарыялады. Изюм жана Лозова шаарларынан эвакуациялоо процессине Украина тарабынан тоскоол болгону айтылды.

 



Тектеш кабарлар